СОШ имени К. Маликова Ысык Атинский район

Аккредитация

 

 

 

 

“БЕКИТЕМИН”              Кубанычбек Маликов атындагы жалпы билим берүү орто мектибинин директору:                 Н.Т.Чортонова

“______” ______________ 2022-жыл

 

 

 

 

 

 

Өзүн-өзү баалоо боюнча отчет

 

Чүй областы, Ысык-Ата району, Чоң-Далы айылы,

Кубанычбек Маликов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби

 

Программалык аккредитациялоо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                         1.БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК   

                                                                                                        КАМСЫЗДАЛЫШЫ

 

Билим берүү программасынын мазмуну жана окуу-методикалык камсыздалышы КРнын Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келиши керек.
Өзүн-өзү баалоо критерийлери

 

Билим берүү уюмунун анализи (өзүн-өзү анализдөө)

 

Далилдөөчү

база

 

1.1 Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына керектөөлөрүнө ылайык келүүсү К.Маликов  атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин администрациясы жана педагогикалык жамааты Билим берүү мыйзамына Билим берүү тармагында иштеп жаткан Улуттук программаларга жана билим берүү стандартына ылайык иш алып барат.

Билим берүү уюмунун максаттары Мамлекеттик стандарттын негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу боюнча талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келет. Мектеп өзүнүн уставына ылайык жалпы орто билим берүү менен иш алып барат. Окуу процесси Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн базистик окуу планынын негизинде жүрөт. Мугалимдер ар бир предмет боюнча бекитилген стандарттын негизинде КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген программалар боюнча сабак өтүшөт. К.Маликов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 2022-2023-окуу жылы үчүн окуу планы

(кыргыз тилде окутуучу)

Билим берүү чөйрөсүОкуу предметиКласстар боюнча базистик вариант
1234567891011
ФилологиялыкКыргыз тили жана окуу6777       
Кыргыз тили    4433223
Орус тили33332221122
Чет тили  224332222
Кыргыз адабияты    2232333
Орус адабияты    1122222
СоциалдыкТарых    2222222
Адам жана коом    11  111
Диндердин өнүгүү тарыхы        1  
МатематикалыкМатематика455544     
Алгебра      32323
Геометрия      12121
Табигый-илимийМен жана дүйнө. Табият тануу22221      
Биология     222211
География     222211
Физика. Астрономия      22233
Химия       2222
Искусство жана технологияИнформатика    11121  
Технология (эмгек, чийме жана дизайн)    110/111  
Көркөм өнөр2211111/0    
Музыка2211111    
Ден- соолук маданиятыДене тарбия22222222222
Аскерге чейинки даярдык         22
Мамлекеттик компонент2123232327293029302930
Мектептик компонент    1  1 1 
Жумалык окуу жүктөмү2123232328293030303030
Жылдык окуу жүгү69378278278295298610201020102010201020

 

К.Маликов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 2022-2023-окуу жылы үчүн окуу планы

Кыргыз Республикасынын Бтлим берүү жана илим министирлигинин 2022-жылдын 5-августу №1529/1 буйругуна тиркеменин негизинде кабыл алынды

К. Маликов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин директору:­­               Н.Чортонова

 

 

 

 

 

К.Маликов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин  окуу планы боюнча маалымат

                                                               (кыргыз тилде окутуучу)

 

 2018-2019-окуу жылы2019-2020-окуу жылы2020-2021-окуу жылы2021-2022-окуу жылы2022-2023-окуу жылы
0 класс

 класс комплекти

11111
Бир жумалык окуу жүктөмү1515151515
Жылдык окуу жүгү480480480480480
Класс комплекти

1-11 -класс

1212131314
Бир жумалык окуу жүктөмү340351343346369
Жылдык окуу жүгү10806108941177811778 

 

2018-2019-окуу жылында жылдык окуу жүгү 10806 сааттык программа толук аткарылды.

2019-2020-окуу жылында жылдык окуу жүгү 10894 сааттык программа толук аткарылды.

2020-2021-окуу жылында 1-класска 1 класс комплекти кошулуп  жылдык окуу жүгү 11778 сааттык программа толук аткарылды.

2021-2022-окуу жылында жылдык окуу жүгү 11778 сааттык программа толук аткарылды.

2022-2023-окуу жылында  1-класска 1 класс комплекти кошулуп жалпы класс комплекти 14 болду, бир жумалык окуу жүктомү 369 саатты түзду. Азыркы тапта баардык программалар толук аткарылып жатат. Жылдын аягында 12504 сааттык программа аткарылышы керек.

 

2022-2023-окуу жылында педагогикалык кеңешменин чечими менен мектеп компоненти 5-класстар үчүн тарых сабагы 8-класс үчүн адам жана коом сабагы 10-класс үчүн география сабагына берилди.

 

 

Календарлык план

 

 

 

Стандарттык  окуу  программалары; Базистик  окуу планы

1.2 Окуу- методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө

ылайык келүүсү                              

Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келет

 

Окуу жылы2018-2019-окуу жылы2019-2020-окуу жылы2020-2021-окуу жылы2021-2022-окуу жылы2022-2023-окуу жылы 1-чейрек үчүн
КлассыБилим сапатыБилим сапатыБилим сапатыБилим сапатыБилим сапаты
1-443%44%45%48%40%
5-928%29%30%27%59%
10-1135%34%33%32%33%
1-1140%34%34,5%35%43,5%

Окуу- методикалык камсыздоо билим берүү стандартынын талаптарына толугу менен же жарым жартылай ылайык келет. Окуучуларга сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу үчүн педагогдордун кесиптик компетентүүлүгүн арттырууга, билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык компетентүүлүктү калыптандырууга жана окуучулардын азыркы коомго ыңгайланышуусун камсыз кылуу үчүн заманбап талаптарга ылайык мектепте окуу-материалдык базасын чыңдоого дайыма көңүл бурулуп келет, бирок ошентсе да жетишсиз. Окуу материалдары мугалимдер үчүн толук кандуу жетишсиз.

Методикалык  колдонмолор
1.3 Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу-методикалык адабияттардын фонду) болушу 1.Китепканадагы маалыматтык ресурстар толук эмес, китепканадагы кээ бир предметтер боюнча китептер жетишсиз.

2.Окуу –усулдук материалдар: окуу куралдары, сабактар боюнча дидактикалык материалдар; маалымдамалар, энциклопедиялар, физика, химия маселелеринин жыйнагы, электрондук окуу материалдары, бардык предметтер боюнча окуу куралдары, методикалар, сабактар боюнча тесттер.

3.Жетишсиз – мугалимдер үчүн усулдук колдонмолор.

Мектепте билим берүү иштериндеги окуу, усулдук адабияттарынын ж.б. китепкана-маалымат каражаттары менен жабдылган китепканасы бар. Китепкананын окуу жана көркөм адабият фонду дайыма жаңыланып жана көбөйтүлүп турат, демөөрчүлөрдүн эсебинен мектепте “USAID” долбоору менен мектепке 459 даана кошумча китеп берилген. Бул китепканада 3641ден  ашык китеп бар. Ал эми мектептин китепканасында окуу-методикалык адабияттарынын жалпы саны- 780 .  Окуучулардын окуу китептери менен камсыз болушу 79% түзөт. Жетишсиз окуу китептери бар.  Кээ бир китептер ата-энелердин жардамы менен алынган.

Окуу-усулдук адабияттардын тизмеси

 

 

 

Окуу -методикалык  адабияттардын  фонду

Китепканадагы окуу китептери тууралуу маалымат

1.4 Билим берүү программасынын жана окуу- методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канаттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу

 

Билим берүүнүн сапатына, билим берүү программаларына мониторинг жүргүзүү окуучулардын билим жетишкендиктеринин билим берүү программаларына, мамлекеттик стандарттарга жана башка билим сапатына коюлган талаптарга шайкештигин аныктоо максатында жүргүзүлөт.Мектепте билим берүү программаларын баалоонун төмөнкү механизми бар:1.Башталгыч мектеп:-Окуучулардын учурдагы натыйжаларын мурунку этаптагы жыйынтыктар менен салыштырууга жардам берген окуучулардын ишине кайтарым байланыш берген жазуу жүзүндө жана оозеки отчеттор;-Билимдин натыйжалары катары таанып-билүү процесстеринин, мотивациясын, компетентүүлүгүнүн өнүгүшүн оозеки баалоо;-Натыйжаларга жана инсандык өнүгүүгө карата окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө жана ар бир окуу жылынын аягында жыйынтыктоочу бааны берүү;-Ар кандай баалоо ыкмаларын (диагностикалык, формативдик, суммативдик) колдонуу; -Көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн окуу процессиндеги прогресс жана кыйынчылыктар жөнүндө ата-энелерге маалымат берүү.-11-класстар-Натыйжаларга жетишүүгө жана инсандык өнүгүүгө карата окуучулардын прогрессине көз салат;-Ар кандай формалар (жекече, топтук, оозеки, жазуу жүзүндө), сапаттык жана сандык баалоо ыкмалары жана куралдары колдонулат;-Окуучуларга жана алардын ата-энелерине биргелешип көйгөйлөрдү чечүү үчүн окуу процессиндеги ийгиликтер жана кыйынчылыктар жөнүндө маалымат берилет.

Билим берүү уюмунун веб-сайты, билим берүү уюму тууралуу керектүү маалыматтар киргизилген, маалыматтык буклеттери, стенддери ж.б болот. Маалыматтык материалдар дайыма жооптуу адам тарабынан жаңыланып турат. Коомчулук кайрылуулар жана сунуштар үчүн коммуникация каналдарын пайдаланат (электр. почта, форум, жыйналыштар ж.б) Билим берүү сапаты жана окутуунун шарттарына тиешелүү ченемдерди талкуулоо жана кабыл алуу процессине коомчулукту тартууну (ата-энелер комитети, бюджеттик угуулар) механизмдери пайдаланылат.

 

Электрондук почта, форумдар, жыйналыштар
 Жыйынтыгы:

Күчтүү  жагы: Мектеп ар бир окуучунун окуу жетишкендиктерин чейректерге, окуу жылдарына карата толук мониторинг жүргүзөт;  Мугалимдердин жогорку кесиптик квалификациясы. Ата-энелердин мектеп менен ар дайым тыгыз байланышта болуусу. Окуучулардын билим алуусу  жана тартиби эки тараптуу (мектеп, ата-эне)  көзөмөлдөнүп туруусу.

Алсыз жактар: 1.Компьютер ар бир окуучуга жетишсиз. Мугалимдер үчүн методикалык китепчелердин жетишсиздиги. Көрсөтмө куралдар, лабораториялык жабдыктардын жетишсиздиги. Кээ бир окуу китептердин жетишсиздиги. Ички-сырткы миграциянын жана социалдык жактан аз камсыз окуучулардын көбөйүшү;

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.   Компетенттүү окутууну ишке ашыруу жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоо
Билим берүү уюму окуучуларды окутууда жана жетишкендиктерин баалоодо компетентүүлүк мамилесин ишке ашырат.
2.1 Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу  

Жалпы билим берүүчү уюмдун негизги максаты жалпы билим берүүчү программалардын мазмунун милдетүү төмөнкү көрсөткүчтө кездештирүүнүн негизинде окугандардын инсандыгынын жалпы маданиятын түзүү, аларды коомдун турмушуна көнүктүрүү, жалпы таанылган тандоо үчүн негиздерди түзүү жана андан ары кесиптик билим берүү программаларын кездештирүү жана жарандуулукка тарбиялоо. Жалпы билим берүүчү уюмдун ишмердигин предметтин башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүүчү программаларын ишке ашыруу болуп саналат.Билим берүү максатына таянуу менен, мектеп окуучулардын жеке жана билим берүүчү компетентүүлүгүн түзө турган мындай шарттарды, башкача айтканда, ар кандай өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө жеке жана социалдык жыргалчылыкты камсыз кылган жарандык кесиптик ишмердүүлүккө инсандын даярдыгын камсыз кылууга умтулат. Мектептин билим берүү максатына жетүү окуучулардын баалуулук мамилесин жана билим берүүнүн натыйжаларын түзүүчү билим берүү натыйжаларына алып келет. (Мам.стандарт боюнча), б.а бүтүрүүчүлөрдүн жеке, жарандык кесиптик муктаждыктарын ишке ашырууну камсыз кылган ар бир окуучу үчүн ачкыч жана предметтик компетенттүүлүктү өздөштүрүүнүн жеке деңгээли. Мугалим ар бир сабакты пландаштырууда окуучунун көз карашынан үч максатты коет: сабактын темасына ылайык билим берүүчү, өнүктүрүүчү жана тарбиялоочу. Максаттарга ылайык, ал негизги компетенцияларды түзөт: маалыматтык, социалдык жана коммуникативдик, өзүн –өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү жана предметтик компетенттүүлүктөр.

 

 

 

 

 

 

 

 

Окутуунун максаттары билим берүү

уюмунун, методикалык кеңештин жана методикалык бирикмелердин, класстан тышкары иш алып баруу пландарында жана окуу программаларында белгиленген. Максаттар  окуучунун компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган. Окутуунун максаттары окуучунун позициясынан сабактардын пландарында белгиленген көрсөтмөгө  ылайык келет. Перспективалык-тематикалык пландын негизинде мугалимдер өзүнүн сабагын пландаштырууда окуучулардын компетентүүлүгүн калыптандыруу үчүн максаттарды конкреттүү жана туура белгилешет. Сабактардын максатын коюууда мугалимдин жана окуучунун иш-аракети айкалышып,күтүлүүчү натыйжа компетентүү окутуунун жыйынтыгына багытталат.

Күнүмдүк сабактын планы

Календарлык  пландар, класстан  тышкаркы  иштердин  пландары,  усулдук  бирикме  жетекчилеринин  пландары

2.2

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Окутуу- тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана

методдорду колдонуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Билим берүү системасындагы инновациялык (жаңылануу) процесстери-жаңыча окутууну, жаратууну, кабылдоону, баалоону, өздөштүрүүнү жана педагогикалык жаңылыкты кабыл алууну башкаруу процесси. Мезгил өткөн сайын методикалык теориялык илимдердин мазмуну өзгөрү, илимий таанып билүүнүн методдору өркүндөдү. Окутуунун жаңы технологиясы катары: программалык тестирлөө, модуль системасы интерактивдүү окутуу, сынчыл ойломду өстүрүү программасынын стратегиясы жана башкалар иш жүзүнө ашырылууда. Жогоруда белгиленген окутуунун жаңы технологиялары окуучулардын чыгармачыл жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу аркылуу аларды өзүн-өзү өнүктүрүү, ой жүгүртүүн өстүрүү, тарбиялоо, билгичтиктерин, жөндөмдүулүктөрүн калыптандыруу максаттарын көздөп, окутуу технологиясынын мазмунун жана багыттарын бир топ оптималдаштырып жаңыртылууда.

Педагогикалык жамаат 70% компьютер менен пайдаланат. -Сабактарды даярдоодо компьютер жана интернетти пайдаланышат.-Сабак учурундагы презентацияларды, диапроектор жана телевизорлорду пайдаланышат.-Окуучулардын өз алдынча изденүүсүнө, анализ кылууга, интернеттеги маалыматты талкуулоо үчүн мугалим тапшырма берет.-Мектепте мугалимдердин билимин көтөрүүгө шарттар түзүлгөн, акы төлөнүүчү компьютердик сабатсыздыкты жоюу үчүн курстардын өтүшүп, сертификаттарга ээ болушкан

Инсанга багыттап окутуу концепциясынын негизинде билим берүү системалар принциби күч алып, педагогикалык закон ченемдери модернизациялоого жана автордук окуу пландарын, программаларын түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Натыйжада педагогикалык технологиялардын жаңы идеяларын, табылгаларын жана жетишкендиктерин, инновациялык окутууну жана башка окуу-тарбия процесстеринде тажрыйбалоо мүмкүнчүлүктөрү ишке ашырылды. Мындай өзгөрүүлөр билим берүүнүн бардык баскычтарында окутуунун өндүрүштүк эффективдүулүгүн көрсөтүү менен окумуштуулардын изилдөө объектисин түзүүдө.

Мугалимдер менен усулдук иш алып баруунун, мугалимдер тарабынан инновациялык технологияларды колдонуу боюнча мониторингдин далилдери бар. Мугалимдердин 70% кем эмеси окутууда жана инновациялык ыкмаларды колдонуу көндүмдөрүнө ээ жана аларды практикада колдонот.

Сабакка даярдануу жана өткөрүү, окуучулардын жетишкендиктерин текшерүү жана баалоо инновациялык технологияларды колдонуу үчүн шарттар түзүлгөн. Бирок, азыркы талапка ылайык инновациялык технологиялардын жетишсиздигинен каражаттар тартыш болот. Интернет түйүнү менен 1 класс камсыз болуп мугалимдер сабакка керектүү материалдарды интернет булактарынан алышат. Ар бир тема боюнча керектүү жерлеринде флешкага көчүрүү менен видео сабактарды өтүшөт. Айрым мугалимдер өздөрү үчүн персоналдуу ноутбуктарды алышкан.

 Ар бир мугалим компьютерди билүүсү.

Тех.  каражаттар

Ноутбуктар

 

 

 

2.3 Окутууну баалодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу Кыргыз Республикасынын жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык мектепте баалоонун максаттарына жетүү үчүн мугалимдер позитивдүү байланышты түзөт. Окуучуларга азыркы натыйжалары менен мурдагы натыйжаларын салыштырууга жардам берет, шыктануусун таанып-билүү процесстерин өнүктүрүүгө окуу натыйжасы катары компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө оозеки баа берет. Натыйжаларга жетишүүгө жана инсандын өнүгүүшүнө тиешелүү окуучунун прогресине көз салат жана ар бир жылынын аягында сыпаттоо баасын берет. Кайтарым байланышты алуу процесси ар бир сабактын аягында (рефлексия) жүрөт, анда алынган жаңы материалды талкуулоо жана алардын сабактагы ишмердүүлүгүнө көз чаптыруу жүрөт. Ар бир бөлүмдөн кийин билимди жазуу жүзүндө контролдоо жүргүзүлөт (тест, контролдук иш, жат жазуу, лабораториялык иш, практикалык иш). Методикалык бирикмелердин чогулуштарында жана ачык сабактардан кийин пикир алмашуу, анализдөө жүргүзүлөт.

Билим берүүнүн стандарттык талабына ылайык окуутууну баалоодо жана корректировкалоодо баалоонун түрлөрү колдонулат ( критерий, көрсөткүч, ички баа берүү, сырткы баа берүү, мониторинг, байкоо жүргүзүү, маектешүү, өзүнө баа берүү, маалыматтарды чогултуу)Мектептин директору,окуу-тарбия иштери боюнча орун басары тарабынан жылына өзүн-өзү баалоо максатында мониторингдер жүргүзүлүп турат.Окуучулардын өзүн-өзү баалоосу жана бири-бирин баалоосун колдонуу ар бир сабакта пайдалануу сунуш кылынат жана практикада колдонулуусуна көзөмөл жүргүзүлөт.Баалоонун ата-энелер жана окуучулар үчүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында электрондук күндөлүк 2021-2022-окуу жылында  колдонулду. Ал эми үстүбүздөгу окуу жылында  колдонулган жок.

Жазуу иштеринин мониторинги

 

 

Педагогикалык  кеңештин  токтомдору

Усулдук  кеңештин

отурумдарынын  токтомдору Кайтарым байланыш тууралуу мугалимдер үчүн колдонмо

2.4 Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык –айкын системасынын болушу Билим берүү программаларын ишке ашыруу максатында ар бир сабак боюнча мугалимдердин 2022-2023-окуу жылына карата түзүлгөн окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана мектеп директру Чортонова Нурзат Темирбековна тарабынан бекитилген календарлык пландардын негизинде иш алып барышат. Сабакка даярданууга сабак берген мугалим жаңы усулдук ыкмаларды камтыган күнүмдүк планын түзөт жана окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Жылкыбаева Айжан Жумабековнанын тарабынан бекитилет. Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан түзүлгөн пландын негизинде ар бир предмет боюнча семинарларга жана тренингдерге мугалимдер жамааты үзгүлтүксүз катышышат. Окуучуларга билим берүүнүн жетишилген натыйжаларын туура жана ачык айкын камсыздоо үчүн чейрек боюнча мониторинг жүргүзүлүп турат. Баалоонун натыйжасын текшерүү жана чечүү үчүн мектепте апелляция комиссиясы иш алып барат. Аппеляция комиссиясы: Окуучулардын окуу активдүүлүгүн баалоонун критерийлери обьективдүүлүккө жана бирдиктүү мамилеге негизделген. 5 баллдык баалоо менен жалпы дидактикалык критерийлер белгиленди:Эгерде окуучу төмөнкүлөрдү көрсөткөндө “5” деген баа коюлат.1.Программалык материалдын бүткүл көлөмүн билүү, түшүнүү, терен өздөштүрүү.2.Изилденип жаткан материалдагы негизги жоболорду, фактылардын жана мисалдардын негизинде жалпылоо, жыйынтык чыгаруу, предметтер аралык жана предметтик байланыштарды орнотуу мүмкүнчүлүгү

3.Окулган материалды, оозеки жоопторду чыгарууда катачылыктарды жана кемчиликтерди кетирбейт, мугалимдин кошумча суроолорунунжардамы менен жазуу жана оозеки маданиятын сактоо менен айрым каталарды кетирет; Сүйлөө, жазуу иштерин туура тариздөө.Эгерде окуучу төмөнкүлөрдү көрсөткөндө “4” деген баа коюлат.1.Бардык изилденген материалдарды; 2.Окулган материалдагы негизги ойлорду бөлүп көрсөтүү, фактылардын жана мисалдардын негизинде жалпылоо, тыянак чыгаруу, предметтик байланыштарды түзүү, алган билимин практикада колдоно билүү; 3.Изилденип жаткан материалды көчүрүүдө майда (одоно эмес) каталарга жана кемчиликтерге жол берет, жазуунун жана сүйлөөнүн негизги эрежелерин, жазуу жүзүндөгү чыгармаларды жасалгалоо эрежелерин сактайт. Эгерде окуучу төмөнкүлөрдү көрсөткөндө “3” деген баа коюлат. 1.Программанын минималдуу талаптарынын деңгээлинде материалды билүү жана өздөштүрүү, бирок өзүн-өзү көбөйтүүдө кыйынчылыктарга жана кичинекей мугалимдин жардамына муктаж; 2.Көбөйүү деңгээлинде иштей билүү, жооп берүүдө кыйынчылыктар өзгөртүлгөн суроолор; Одоно катанын болушу, бир нече “изилденген материалды көчүрүүдө орой эмес, жазуу жана оозеки сүйлөө маданиятынын негизги эрежелерин, жазуу жүзүндөгү чыгармаларды жасалгалоо эрежелерин кичине сактабоо. Эгерде окуучу төмөнкүлөрдү көрсөткөндө “2” деген баа коюлат.1.Материалдыминималдуу талаптардан төмөн деңгээлде билүү жана өздөштүрүү программалар, үйрөнүлгөн материал жөнүндө өзүнчө идеялар; 2.Репродукция деңгээлинде иштөө көндүмдөрүнүн жоктугу, стандарттуу суроолорго жооп берүүдөгү кыйынчылыктар; 3.Бир нече одоно каталардын, көп эмес одоно каталардын болушу, изилденген материалды көбөйтүү, жазуу жана оозеки сүйлөө маданиятынын негизги эрежелерин , жазма чыгармаларды жасалгалоо эрежелерин олуттуу сактабоо. Мектеп баалоо критерийлерин белгилеген: -Оозеки жооп; -Жазуу жүзүндөгүөз алдынча жана контролдук иштер; -Лабораториялык жана практикалык иштерди баалоо;  -Диктанттарды баалоонун ченемдери; -Дилбаяндарды баалоо критерийлери; илим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушу менен мектеп ичиндеги жыйынтык берген баалоонун түрлөрү  колдонулат (мониторинг, өзүн-өзү баалоо, маектешүү, анкета алуу, ички-тышкы баа берүү). Окуучуларды мотивациялоо максатында баалоонун ар кандай ыкмалары колдонулат. Мисалы: практикалык иштерди аткарууда  өз ишин өзү баалоо же өз ара баалоо ишке ашырылат. Ар бир сабакта коюлган баа сөзсүз түрдө окуучуга маалымат катары күндөлүгүнө коюлат.

Биз колдонгон баалоолор чейрек

.Көчүрүү экзаменин жыйынтыктоо аттестациясы жөнүндө буйруктардын  көчүрмөсү.Тиркеме 7

Жазуу  иштери  жана  мониторингдер          

 

  жыйынтыгында, көчүрүү экзамендеринде, жыйынтыктоочу аттестацияларда өз жыйынтыгын берет. Жарым жылдыкта жетишилген жыйынтыктары боюнча ар бир класстын ата-энелер чогулушунда класс жетекчи маалымат берип, талдоого алынат жана жакшыртуунун үстүндө иштер жүргүзүлөт. Ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы менен класстар жана предметтер боюнча мониторинг жүргүзүлүп, аларды талдоо жана жакшыртуу боюнча иш-аракеттер көрүлөт. 
2.5 Окуучуларга баалоонун колдонуучу эрежелери, жол-жоболору жана

жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу

 

Билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча ата-энелерди тийиштүү маалымат менен камсыздоо максатында мектепте чейрек сайын жалпы ата-энелер чогулушу өткөрүлөт. Мектепте өтүлгөн семинарлар жана иш чаралар мектептин социалдык тармактардагы медиа бурчунда, “Кут билим” ж.б. басма сөз каражаттары аркылуу коомчулукка жеткирилет

Окуучулардын сабакка жетишүүсүн баалоонун жол-жоболорун жана инструменттеринин ( мисалы, жазуу иштери, окуу көндүмдөрү, долбоорлор ж.б) пайдалануучулугун аныктоо.  Ушунун негизинде окуучулардын чейректик баалары 2.4 пунктунун негизинде чыгарылат.Окуучуларга жана ата-энелерге баалоонун эрежелери жана жол-жоболору ошондой эле кайра кароо процедурасы тууралуу маалыматтар тааныштырылат. Бул маалыматтар мектептин маалыматтык тактага илинген. Окуучу эрежелерге ылайык болбой билим сапатын туура эмес бааланды деп эсептеген учурда аппеляцияга берүүгө акысы бар. Бул учурда мектеп ичинде аппеляциялык комиссия түзүлөт, нааразы болгон окуучунун билими комиссия алдында кайра бааланат. Баалоонун жыйынтыгы боюнча аппеляциялоо процедурасы КР нын ББжИМ тарабынан бекитилген баалоонун жыйынтыгы боюнча аппеляциялоону берүү жана кароо боюнча жалпы эрежеге ылайык жүргүзүлөт.

Баалоонун критерийлери

 

2.6 Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу

 

Билим берүүнүн процессин лицензияланган талаптарга ылайык келтирүү талаптар.-Санитардык ченемдерди жана эрежелерди, коопсуздук талаптарын сактоо;-Ден соолукка мониторинг жүргүзүү жана коопсуздукту көзөмөлдөө тутуму;-Мектеп окуучуларынын ден соолугун чыңдоо жана сактоо боюнча программанын болушу;-Жаракат алуунун, психоактивдүү заттарды колдоонунун, экстремизимдин жана суициттин алдын алуу боюнча иш тутуму;-Сабакта жана сабактан кийинки ден соолукту сактоочу технологияларды колдонуу;-Кирүүнү көзөмөлдөө жана күнү-түнү нөөмөттү уюштуруу;

Мектептин билим берүү процессинде окуучулардын коопсуздугун, психологиялык ыңгайлуулукту камсыз кылуу максатында атайын иш-чаралар өткөрүлүп турат.Ар кандай тартип бузуулардын алдын алуу боюнча өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан рейддер жүргүзүлүп, түшүндүрүү иштери системалуу түрдө ишке ашырылат. Бул иштерге окуучуларды аралаштыруу максатында “Милициянын жаш достору”  сыяктуу топтор уюштурулган. Класс жетекчилер ар кандай темада тарбиялык сааттарды өтүшүп, окуучулардын психологиялык туруктуулугуна кам көрүшөт. Мектепте өнүктүрүү жана психологиялык жактан ыңгайлуулуктарды түзүү жана ден-соолукту чыңдоо максатында предметтик,  спорттук ийримдер бар. Мисалы: волейбол  ийрими иш алып барат. Билим берүү мекемесинин окуучулардын өнүктүрүүчүлүк көндүмдөрүн өстүрүү максатында мектеп ичинде предметтер аралык олимпиадалар өткөрүлүп турат. Мектеп жакшы гигиеналык шарттарда, толук жарыктандырылган  жана  имараттар коопсуз .  Балдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү заттар жана оорулар тууралуу түшүндүрмө берилип, дубал газеталар көрүнө жерде илинип турат.

СүрөтТиркеме 8

 

 

Тарбия иштери боюнча уюштуруучунун пландары Класс жетекчилердин тарбиялык пландары,журналдары Мектептеги спорттук бирикменин , ийримдердин пландары

2.7 Ички жана тышкы баалоонун системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мектептеги окуучулардын жөндөмдөрүнүн өнүгүшүн жана жүзөгө ашырылышын камсызкылуу үчүн, тарбиялоонун бүткүл мезгилинде аларды коштоп, жогорку мотивациясы бар балдарды издөөнүн жана колдоонун кеңири тутумун куруу каралган. Мектепте таланттуу балдар менен иштөө планы иштелип чыккан, ушул планга ылайык, ар бир предметтик мугалим жогорку мотивациясы бар окуучулар менен жекече план боюнча иш алып барат. Окуу жылынын аягында жогорку мотивацияланган окуучулардын чыгармачылыгын стимулдаштыруу үчүн, алардын көсөткүчтөрүнө ылайык мактоо баракчалары менен сыйланышат. Мотивациясы жогору окуучулар менен иштөө тутумунун  ийгилигин топтогон упайлардын  саны боюнча предметтик олимпиадалардын жыйынтыгы.

 Акыркы 5 жыл аралыгында олимпиадага катышкандар

Райондук/облустук2018-2019-

окуу жылы

2019-2020-

окуу жылы

2020-2021-

окуу жылы

2021-2022-

окуу жылы

2022-2023-

окуу жылы

1Кыргыз тили11111
2Орус тили11121
3Англис тили    2
4Тарых11   
5Математика  111
6География 111 
7Физика11 11
8Биология 1   
9Информатика     
Республикалык олимпиада2018-2019-

окуу жылы

2019-2020-

окуу жылы

2020-2021-

окуу жылы

2021-2022-

окуу жылы

2022-2023-

окуу жылы

1Кыргыз тили 
2Орус тили 
3Англис тили 
4Тарых 
5Математика 
6География 
7Физика 
8Биология 
9Информатика 

2018-2019-окуу жылында райондук олимпиадага төрт окуучу катышты, бирок орундарга жетишкен жок.

2019-2020-окуу жылында райондук олимпиадага  6 окуучу  катышты, бирок приздик орундарга жетишкен жок.

2020-2021-окуу жылында райондук олимпиадага төрт окуучу  катышты,бирок приздик орундарга жетишкен жок.

2021-2022-окуу жылында райондук олимпиадага  алты окуучу  катышты,бирок приздик орундарга жетишкен жок.

2022-2023-окуу жылында райондук олимпиадага 9-классынан эки окуучу, 10-классынан бир окуучу, 11-классынан бир окуучу катышты.

Облустук олимпиадага да биздин окуучулар катыша алган жок, анткени приздик орундарга ээ болгон эмес.

Мектепте окуучулук контингентине ички жана тышкы баалоо системалуу жүргүзүлүп мониторинг чыгарылып турат жана жыйынтыктын динамикасына байкоо салынып, анын натыйжалары талкууланат.Акыркы 5 жылдык динамиканы аныктоо максатында ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы менен салыштырмалуу текшерүү иштери жүргүзүлүп турат.Акыркы үч жылдан берки жүргүзүлгөн  биздин мектептин ички, тышкы мониторинги:

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы

Акыркы үч жыл ичинде2019-2020-

окуу жылы

2020-2021-

окуу жылы

2021-2022-

окуу жылы

ЖРТ гө катышкан окуучулардын саны663
ЖРТ гө катышкан бүтүрүүчүлөрдүн орточо баллы978999
ЖРТ гө катышкандардын 110 баллдан жогору алгандардын саны211

 

-Райондук олимпиадаларга окуучулар катышып турушат, бирок орундарга ээ болушкан жок.

—        Секом, Нова, УТБ сынамык тесттеринен окуп жана тапшырып, жыйынтыктары ЖРТда үзүрүн берет.

ЖРТ  боюнча  маалыматтар, НЦТ  жыйынтыктары, мектептин  ичинде  жүргүзүлгөн  мониторингдер.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 2.8  Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол- жоболорунун  болушу

 

 

 

 

 Ар бир окуу жылында 9-11-класстын окуучулары Улуттук тестирлөө борбору (УТБ)тарабынан жүргүзүлгөн тестирлөөгө катышып турушат.

2021-2022-окуу жылыда төмөнкүдөй көрсөткүчтү көрсөтүү:

9-класс окуучунун саны 10.

СабагыКатышкан окуучунун саныБилим сапатыЖетишүүсү
Биология30%0%
География40%0%
История812,5%12,5%
Кыргыз тили20%0%

 

11-класс окуучунун саны 11.

СабагыКатышкан окуучунун саныБилим сапатыЖетишүүсү
Биология30%0%
География450%50%
История1145%55%
Кыргыз тили30%0%
Математика333,3%22,2%
Русский язык366,6%0%

 

Акыркы 5 жылда окуучулардын мамлекеттик жыйынтыктоо  

          аттестациясынын жыйынтыктары жөнундө маалымат.

 

Окуу предметтери2018-2019-окуу жылы2019-2020-окуу жылы2020-2021-окуу жылы2021-2022-окуу жылы2022-2023-окуу жылы
Окуучулардын саныБилим сапаты %Окуучулардын саныБилим сапаты %Окуучулардын саныБилим сапаты %Окуучулардын саныБилим сапаты %Окуучулардын саныБилим сапаты %
Орус тили11-кл.-12

9-кл.-11

50

 

 

36

11-кл.-7

9-кл.-16

43

 

 

44

11-кл.-8

9-кл.-23

37,5

 

 

39

11-кл.-11

9-кл.-13

54

 

 

46

  
Кыргыз тили11-кл.-

9-кл.-11

50

 

36

11-кл.-7

9-кл.-16

43

 

 

 

56

11-кл.-8

9-кл.-23

62,5

 

 

 

48

11-кл.-11

9-кл.-13

72

 

 

 

31

  
Математика11-кл.-

9-кл.-11

50

 

27

11-кл.-7

9-кл.-16

43

 

 

31

11-кл.-8

9-кл.-23

50

 

 

43

11-кл.-11

9-кл.-13

45

 

 

23

  
Химия          
Биология11-кл-12

9-кл-5

67

 

 

27

   

 

 11-кл-6

 

67  
География 

9-кл-5

 

20

   

 

 11-кл.-5

 

80  
Тарых11-кл.-12

9-кл.-11

42

 

 

18

11-кл.-7

9-кл.-16

43

 

 

37,5

11-кл.-8

9-кл.-23

25

 

 

43

11-кл.-11

9-кл.-13

54

 

 

38

  

 

 

Мектептин администрациясынын эшиги баардык окуучулар үчүн ачык. Ар бир окуучу кайсы учур болбосун мектептин бардык маселелери боюнча кайрылууга мүмкүн. Окуучулар ата-энелер же башка кызыкдар тараптар тарабынан даттануу же доомат коюлушу мүмкүн, ал мектептин кезексиз педагогикалык кеңешмесинде каралат. Кызыкдар тараптардан түшкөн кайрылуулар мектептин администрациясы тарабынан каралып, жыйынтыктар чыгарылып турат. Бир да кайрылуу көзөмөлсүз калтырылбайт. Мектеп ата-энелер комитети менен тыгыз байланышта.

Окуучу, ата-эне жана администрация болуп, үч тараптуу келишим түзүлөт.

Мектепте анонимдик даттануу үкөгү бар, окуучулар ар түрдүү даттанууларын, каалоо-тилектерин, талаптарын жашыруун сала алышат.

 Кайрылуулулар, арыздар

тиркелген  папка

Жыйынтыгы:                        

Күчтүү жактары: 1.Окуучуларды шыктандыруу иштери жакшы уюштурулган . 2.Системалуу үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү. 3.Окуучулардын спортко кызыгуусу . 4.Окутуунун жаңы технологиясы катары программалыктестирлөө модул системасы интерактивдүү окутуу, сынчыл ойломду өстүрүү программасынын стратегиясы ж.б акырындап жүзөөгө ашырылууда. 5.Окуучулардын өз алдынча иштөө жөндөмдүлүктөрү . 6.Компетенттүү окутуу боюнча администрация тарабынан өтүлгөн иш чаралар.7.Мектеп жогорку окуу жайларына өтүү үчүн керектүү билим менен камсыз кылат. 8.Мектептин өнүгүшүнө карата педагогикалык жааматтын активдүүлүгүнүн жогорулашы. 9. Мугалимдердин ишине  ата-энелер, окуучулар  тарабынан баа берилип турушу. 

Алсыз жактары: : 1.Социалдык проектилердин аздыгы.  Айрым предметтер боюнча окуу-методикалык колдонмолордун жетишсиздиги. Окуучулардын социалдык абалы.

 

 

 

 

 

                                                      3.Кадрдык    саясаттын   эффективдүүлүгү
Билим берүү уюмунун өз ишин компетентүү персонал менен камсыздоо үчүн натыйжалуу кадрдык саясаты болушу керек.
3.1 Педагогикалык персоналдын

квалификациясынын жана билиминин билим программасына шайкеш келүүсү

Кыргыз Республикасынын билим берүү мыйзамына ылайык жана эмгек кодексинин 55-беренесине ылайык педагогикалык билим алгандыгы жөнүндөгү диплому бар адистер кызматка кабыл алынат. Мектептин мугалимдер жамааты квалификацияга жана билимге коюлган талаптарга ылайык толук курамда камсыздалган. Мектепте жалпы 20 педагогикалык кызматкер эмгектенет, 1 мугалим декреттик өргүүдө, 13 мугалим жогорку билимдүү,  4 бакалавриатты бүткөндөр, 4 мугалим  атайын орто,  эркектер –1, аялдар –19, ээлеген кызмат ордуна туура келет –99%. 6 мугалим билим берүүнүн мыктысы.

Баардык  предметтерден тажрыйбалуу педагогдор  эмгектенишет. Жалпы билим берүүчү стандарттык  программалар боюнча сабак берген,  өз ишин мыкты билген, окутуунун максаттарына жетүүнүн талаптарына толук жооп берген, заманбап инновациялык технологиялар жана методикаларды колдоно билген мыкты адистер эмгектенишет. Окуучулардын  билим  сапатын  көтөрүүдө  мугалимдер  өз  билимдерин  жогорулатуу  үчүн  курстардан  өтүп  турушат. Бардык мугалимдер өз предметтеринен гана сабак бере алышат. Пенсия жашындагы мугалимдер өз милдеттерин так жана жоопкерчилик менен аткарышат.

2020-2021-окуу жылына каратаПедагогикалык кадрлар жөнүндө маалымат.Тиркеме 13Мектептин педагогикалык сапаттык курамы жөнүндө маалымат; Сертификаттар Дипломдор
3.2 Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол жоболордун болушу  Мектеп физикалык жана психологиялык жактан коопсуздук чөйрөнү камсыз кылган процедуралардын механизмин иштетет. Мектептин коопсуздугу төмөнкүлөр менен тастыкталат:

•Билим берүү процессин лицензиялык талаптарга ылайык уюштуруу;

•Санитардык нормалардын жана эрежелердин, коопсуздук талаптарынын сакталышы;

•Ден-соолуктун абалын көзөмөлдөө жана мектептеги коопсуздукту көзөмөлдөө тутуму, балдардын жана мугалимдердин ден-соолугун чыңдоо жана сактоо программасы;

•Жаракат алуунун, психоактивдүү заттарды колдоонунун, экстремизмдин жана суициддин алдын алуу боюнча иш тутуму;

•Сабакта жана сабактан кийинки ден соолукту сактоочу технологияларды колдонуу;

•Кирүүнү көзөмөлдөө жана күнү-түнү нөөмөттү уюштуруу;

•Пандусту колдонуу;

•Педагогикалык жааматты жана мектептин техникалык кызматкерлерин жыл сайын медициналык кароодон өткөрүү;

•Өндүрүмдүү эмгекке күн сайын позитивдүү мамиле кылуу.

Мектеп билим берүү чөйрөсүндөгү жакшы гигиеналык шарттарды, таза сууну жана абаны, жарыктандырууну жана коопсуз имараттарды, зордук-зомбулуктун жоктугу менен окутуунун толеранттуу атмосферасын камсыз кылууну максат кылат. Билим берүү процессинин катыш учурларынын даттанууларын жана пикир сунуштарын кабыл алуучу атайын куту жана китепче уюштурулган.  Окуучулардын билим денгээлин баалоодо да атайын аппеляциялык комиссия иш жүргүзөт. Билим берүү процессинин баардык катышуучулары өздөрүн бардык багытта эркин жана коопсуз сезүүсү үчүн толук шарттардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн болушун камсыз кылууну мектеп жетекчилиги негизги милдет деп эсептейт.

 КРнын эмгек кодекси.КРнын билим берүү боюнча китеби
3.3 Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу 1) Мектеп мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча 1 жылга план түзүлгөн; Негизинен мугалимдер билимин жогорулатуу институттарында квалификациясын жогорулатышат. 2)Квалификациясын жогорулатуучу курстардан үзгүлтүксүз өтүп турушат;

3)2020-2021-окуу жылында аралыктан окутуу учурунда, биздин мектептин мугалимдеринин 20%и ар кандай онлайн режиминдеги кыска мөөнөтүү квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү. Чечим: Жыл сайын, жок эле дегенде , 35% ( 3 жыл ичинде 100%) Билим берүү бөлүмүнөн жана андан сырткаркы курстарда, семинарларда, тренингдерде (анын ичинде дистанттык окутууда) квалификациясын жогорулатышат. Жаш мугалимдерге насаатчылык  бар. Методикалык иш –бул ар бир мугалимдин компетенттүүлүгүн жана кесиптик чеберчилигин ар тараптуу жогорулатууга багытталган билим берүү иш-аракетинин негизги түрү.

1)2022-2023-окуу жылына карата усулдук иштин негизги милдеттери августтун педагогикалык кеңешинде мектептин өткөн окуу жылындагы ишин талдоонун натыйжасында аныкталды; 2)Заманбап билим берүүнүн шарттарында мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу боюнча ишти активдештирүү; Компетенттүүлүктү калыптандыруу максатында билим берүү процесиинде заманбап билим берүүчү жана маалыматтык –коммуникациялык технологияларды жана усулдарды киргизүү аркылуу билим сапатын жогорулатуу; 3)Сабактардын бардык түрлөрүн өткөрүүнүн жогорку методикалык деңгээлин камсыз кылуу, окуучулардын таанып билүү жана чыгармачылык кызыкчыллыктарын өнүктүрүү. Жыл башында мугалимдер календардык пландарды түзүп, ага ылайык окуу планын өз убагында бутүрүшөт. Мугалимдердин алдына коюлган тапшырмалар сабактын методикасын өркүндөтүү, мугалимдин жардамына муктаж жана жөндөмдүү окуучулар менен жекече жана топтук иштөө аркылуу чечилет. Мугалимдин диагностикалык  иш-аракетинин негизинде окуучулардын билимин коррекциялоо, окуучулардын чыгармачыл жөндөмдөрүн жана табигый каалоолорун өркүндөтүү, ошондой эле мугалимдерди жаңы педагогикалык жана методикалык адабияттар менен тааныштыруу. Методикалык иштерди пландаштырууда мектептин алдында турган маселелерди жана милдеттерди реалдуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берген формалар тандалып алынат. Методикалык иштин негизги формалары: 1.Педагогикалык кеңешме;

2.Директордук кеңешме;

3.Усулдук бирикмелер;

4.Өзүн-өзү тарбиялоо темаларындагы мугалимдердин иши;

5.Ачык сабактар, аларды талдоо;

6.Өзара сабакка катышуу жана сабактарды талдоо;

7.Предметтик жумалыктар.

8.Мониторинг;

Педагогикалык кеңешме ар дайым методикалык иштин эң жогорку формасы болгон жана болуп кала берет. Берилген милдеттердин негизинде бардык педагогикалык кеңешмелер даярдалып өткөрүлөт.Методикалык иштин борбордук звеносу –бул методикалык кеңеш. Методикалык кеңештин башчысы мектептин диретору. Мектептин методикалык кеңеши жаңы педагогикалык технологияларды жайылтуу, ал боюнча бир топ иштерди жүргүзүп турат. Окутуунун интерактивдүү методдору, өзүн-өзү анализдөө ж.б. Методикалык кеңештин жетекчилиги астында 3 усулдук бирикме иштейт, алар:

• “Бүчүр” башталгыч класстар усулдук бирикмеси;

• “Мурас” кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили сабактарын камтыган усулдук бирикмеси;

• “Саякат” математика, информатика, физика, тарых-география, химия, биология, дене тарбия, көркөм өнөр, музыка сабактарын камтыган усулдук бирикмеси;

Ар бир мугалим жылына бир жолу жамааттык кароого “Жеке баракчаны” тартуулайт (мыкты ачык сабактар, дидактикалык материалдар, роль ойноочу оюндар, презентация, видео сабактар). Педагогикалык команданын ар бир мүчөсү сабактан тышкаркы билим берүү иш чарасы менен предметтик жумалыкты өткөрүп, катышкан сабактарга анализ, отчет даярдайт.  Ар бир жарым жылдыкта методикалык семинар өткөрүлүп, анын негизги милдети мугалимдин чеберчилигин, билимин, кесиптик чеберчилигин жана жөндөмүн өркүндөтүү болуп саналат. Усулдук бирикме мугалимдери жаңы педагогикалык технологияларды окуучуларга багытталган окутуу технологиясын, кызматташтык  педагогикасын тынымсыз изилдеп келишет. Маалыматтык технологиялар изилдөөнүн жана жүзөгө ашыруунун приоритеттүү обьектиси бойдон калууда. Сабакта компьютерди колдонуу окуу процессинин өзүн жандандырууга мүмкүндүк берет: материалды жеткиликтүү формада сунуштайт жана предметти окуттууда программалык деңгээлге жетүүгө жардам берет. Сабактарды окууга болгон кызыгууну арттыруу үчүн мектепте төмөндөгүдөй багыттагы предметтик ийримдер иштейт: 1. Информатика багытында –1 ийрим; 2.Спорт багытында –1 ийрим иш алып барат.

Мектепте педагогикалык кадрларды кесиптик өнүктүрүүнүн салттуу системасы колдонулат.  Жыл сайын 15% кем эмес педагог өз квалификациясын курстарда, семинарларда, тренингдерде билимдерин жогорулатат. Профсоюз комитети жана мектеп администрациясы билим берүүдө жана ишмердүүлүктө, коомдук турмушта жана маданий массалык ишчараларда, методикалык жана компетенттүү изденүүчүлүктө активдүүлүктү көрсөткөн же ийгиликке жетишкен билим берүү процессинин катышуучуларын белгилөөнү, дем берүүнү жана сыйлоону уюштуруп турат. Бул мотивациялык колдоо, стимул болуп эсептелет. Бул боюнча атайын сыйлык комиссиясы иш алып барат.  Ошондой эле өзгөчө изденүүчүлүктү көрсөткөн кесиптештерди мектептин мактоо

баракчалары, грамота, дипломдор менен сыйлап, жогору турган мекемелерге сыйлоо тууралуу сунуштарды киргизет. Андан тышкары мезгил-мезгили менен мектеп администрациясы тарабынан “мыкты мугалим”,”мыкты класс жетекчи” сыяктуу сынактар жарыяланып, кызыктыруучу сыйлыктар коюлат.

Квалификациясын жогорулаткандыгы тууралуу мугалимдердин сертификаттары;

Эмгек паспорттору

Күчтүү жактары:    1.Окуу программаларынын балдардын жана ата-энелердин муктаждыктарына шайкештиги; 2.Мугалимдердин жогорку квалификациясы, иш программаларынын  жана сабактардын  пландарынын сапаты; 3.Окутууда жана тарбиялоодо инсанга багытталган ыкманы колдонуу; 4.Сабактан тышкаркы активдүү иш-чаралар аркылуу окуучулардын таанып билүү кызыгуусун кеңейтүү; 5.Окуучуларды изилдөө жана чыгармачылык иштерге тартуу; 6.Мугалимдердин методикалык жана педагогикалык чеберчилигин жогорулатууга кызыгуусу; 7.Мектепте тренингдерди, окутуунун методикасы боюнча мастер-класстарды өткөрүү; 8.Мугалимдерге жагымдуу маанай жана шарт түзүп берүү.

 Сунуштар: Өз билимин жогорулатуу боюнча шарттардын болуусу.

 

4.МАТЕРИАЛДЫК-  ТЕХНИКАЛЫК   БАЗА

              

     

                            

Өзүн-өзү баалоо критерийлери

 

Билим берүү уюмунун анализи (өзүн-өзү анализдөө)

 

 

Далилдөөчү база

4.1 Билим берүү процессинин 

катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга

жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал) болушу

   Мектепте окуучулардын билим алуусу үчүн материалдык-техникалык базанын шарттары түзүлгөн. Мектеп 1980-жылы түптөлүп, 1981-жылы ишке киришкен.   Мектептин  жалпы көлөмү 6942,5  аянты планда көрсөтүлгөн боюнча 1469,6 . Эки  кабаттуу, типтүү, подвалы бар. Проект боюнча мекеменин курулушу типтүү. Спорт залдын аянты 149,6  11, компьютер менен жабдылган класс 1, 7 компьютер интернетке кошулган. 4 принтер, 1 проектор, 2 телевизор менен колдонулуп сабактар өтүлөт. Химия жана физика кабинеттеринин лабораториялык бөлмө бар, бирок, жабдыктары жок.

1-4- класстардын окуучуларына ысык тамак берүүгө ашкана бар. Ашкана ысык суу менен камсыз кылынган, 40 орунга ылайыкташтырылган 10 стол 40 отургуч, керектүү идиш-аяктар, ысык тамактарды даярдоо үчүн электрдик жабдуулар жана тамак-ашты сактоочу склад менен толук камсыз болгон. Ашкана санитардык норманын шарттарына толук жооп берет. Мектептин биринчи жана экинчи кабатында ички туалеттер бар. Спорт ийрими иштейт. Мектептин кире  беришинде  пандус орнотулган. Мектептин аянтчасында окуучуларга турник, машыгуучу ар кандай эмеректер, мини футбол аянтчасы бар.

Сүрөт

Мектептин материалдык техникалык базасы

тууралуу маалымат

 

Тех.паспорт

 

4.2 Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)   Коопсуздук шарттарын уюштуруу жаатындагы приоритеттүү багыт, мектеп мониторингди милдеттүү түрдө уюштуруу менен билим берүү административдик жана коопсуздук иш-чараларынын комплексин карайт: Жашаган шарттарына байланыштуу балдардын өмүрү жана ден-соолугу үчүн коопсуздук; Мектеп, өзгөчө кырдаалдардын динамикасы; Коопсуздук шарттарын көзөмөлдөөчү органдар; Материалдык-техникалык жана билим берүү чөйрөсүндөгү коопсуз шарттарды камсыздоо; Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгуу билим берүү мейкиндиги; Окуучулардын жана мугалимдердин экстремалдык кырдаалдарга жооп берүү жөндөмүн калыптандыруучу практикалык иш-чаралардын деңгээли жана сапаты. Ар бир класста эвакуациялык план илинип турат. Ден соолук бурчу, аптечка уюштурулган ошондой эле кире бериштерде кол жуугучтар, ашканада заманбап кол жуучу раковиналар, ошондой эле ар бир класстык кабинетте, коридорлордо антисептикалык каражаттар орнотулган. Коопсуздук эрежелери боюнча чейрек сайын тарбиялык сааттар өтүлүп, тарбиялык журналга өтүлгөн мөөнөтү жана окуучунун колу коюлат.Ар бир класс жетекчи ата-эне менен келишим түзүп жана маршруттук баракча толтурат. Өрт коопсуздугу боюнча мектептин чарба башчысы Абдырахманов Ж.Т. тарабынан шит толук шаймандары менен уюштурулган. 1-Өрт өчүргүч, Өрт өчүрүүчү такта 1, комплект (Багор –1, күрөк –1, өрт өчүрүүчү кездеме –1, чака –1, лом –1) Өрттү өчүрүү боюнча профилактикалык стенд –1.

Материалдык-техникалык базада Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө мыйзамы, КРнын Эмгек кодекси, терроризм менен күрөшүү жөнүндө мыйзам, Мектеп жөнүндө мыйзам, Мектеп жөнүндө типтүү жоболор, Эмгек келишим, Билим берүүнүн программасы.   Коопсуздук боюнча көрсөтмөлөр. Техникалык коопсуздук  журналы.Билим берүү бөлүмүнүн буйруктары. Эмгекти коргоо келишимдери. Эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча иштерди уюштуруу боюнча мектеп жетекчисинин буйруктары. Эмгекти коргоо жана окуу процессинин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу жөнүндө жобо. Жеткиликтүү. Эмгекти коргоо жана коопсуздукту административдик жана коомдук көзөмөлдөө жөнүндө жобо. Окуучулардын жана мугалимдердин экстремалдык кырдаалда аракет кылуу жөндөмүн калыптандыруучу практикалык иш-чаралардын деңгээлине жана сапатына мониторинги бар 1.Өрт коопсуздугу боюнча инструктаж. План боюнча 2.Өрт учурунда адамдарды коопсуз жана тез эвакуациялоону камсыз кылуу боюнча персоналдык иш-аракеттердин тартиби жөнүндө инструктаж өткөрүү. План боюнча. 3.Өзгөчө кырдаалдар учурунда иш-аракеттердин тартиби жана террористтик аракеттерди жасоо коркунучу жөнүндө инструктаж өткөрүү. План боюнча. 4.Өрт сигнализациясы боюнча окуучуларды жана мектеп кызматкерлерин эвакуациялоо боюнча тренингдерди өткөрүү. 5Террордук акт болгондо машыгуу сабактары. План боюнча аткарылып турат.

Мектепте  өрт  коопсуздугу  боюнча  эвакуациялык  пландары, щиттер, коопсуздук  бурчтары  уюштурулган. Окуу  корпустарынын  абалы  жакшы. Жылына  бир  жолу  ремонттолуп, сырдалып  турат.  Өрт  чыгып  кетүү  коркунучунда  кошумча  чыгуучу  эшиктер  бар. Санитардык-эпидемиологиялык  эрежелерди  аткаруу  үчүн  ар  бир  окуу  кабинеттеринде санитардык бурч  коюлган.  Окуу корпустарынын абалы жакшы, күнүнө эки жолу тазалоочулар тарабынан нымдуу тазалоо иштери жүргүзүлүп турат.

Нускама, коопсуздук  боюнча   эвуакациялык  пландар  Санитардык – эпидемиологиялык текшерүүнүн АКТысы
4.3 Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу  Мектептин материалдык-техникалык базасы төмөнкү критерийлер боюнча бааланат: 1)Компьютерлештирүү жана маалыматтык технологияларды киргизүү деңгээли; 2)Окутуунун заманбап технологияларын жана дидактикалык материалдарды колдонуу менен ар тараптуу предметтик чөйрөнү түзүү деңгээли; 3)Мугалимдин ишин өркүндөтүүгө жана билим берүү процессин натыйжалуу кылууга мүмкүндүк берген жаңы иштеп чыгууларды колдонуу деңгээли; 4)Өрттүн, өзгөчө кырдаалдардын, адамдардын жаракат алуу тобокелдиктерин азайтууну камсыз боюнча иштин абалы; 5)Мектептин санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылыгын камсыз кылуу боюнча иштин абалы; 6)Мектептин стандарттарга жооп берген эмеректер менен жабдылышынын деңгээли; 7)Интернеттин маалыматтык ресурстарына, окуу жана көркөм адабияттарга мектептеги жеткиликтүүлүк даражасы . Комиссия ар бир окуу жылынын башында мектептин материалдык базасынын, ресурстарынын, маалыматтык-техникалык камсыздоосунун ишке ашырылып жаткан ченемдик документтердин жана программалардын талаптарына шайкештигин аныктайт. Класстардын жабдылышы, техникалык каражаттар окутуу жана тарбиялоо процессин он жана  чыгармачылык менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Мектептин материалдык-техникалык базасын жаңыртуу  процесси жыл сайын уланууда. Акыркы эки жылда санитардык –гигиеналык талаптарды сактоо үчүн ысык тамак менен жабдылган ашкана, сырткы даараткана .Мүлктүн, компьютердик техниканын, окуу куралдарынын, көрсөтмө куралдардын жакшы сакталышы жана китепкана фондусунун тутумунун толукталышы алардын заманбаптыгын жана талап кылынган сапатын камсыз кылат. Мектептин  материалдык-техникалык  базасын  анализдөө  максатында  инвентаризация  жүргүзүлүп  турат. Мектептин  жалпы  бүтүндүгү  мектеп  кароолчуларына  милдеттендирилип,  бекитилип  берилген.   Ар  бир  класс  кабинет  жана  инвентарлардын  сакталышы  кабинет  башчыларына  жана  класс  жетекчилерге  милдеттендирилген. Мектепте окуу процессин толук  кандуу  ишке  ашыруу  үчүн  окуу  класстары  талапка  жооп  бере бербейт.  Себеби, ар бир класс кабинеттерде  электрондук  доскалар,  проекторлор  менен  жабдылган  эмес. Ошондой эле окуу куралдары  жана окуу  усулдук  материалдар  жетишпейт. Жетиштүү болушу үчүн жергиликтүү  айыл  өкмөттөргө  билдирүүлөр  берилип  турат, бирок толук кандуу камсыз кылынган эмес.Кайрылуулар, сметалар, билдирүүлшөр, актылар
    
Күчтүү жактар: Күчтүү жактар: 1. Класстардын жабдылышы талапка ылайык ; 2 .Коопсуздук  боюнча  бардык талаптардын сакталышы;; 3. Китепкана фондунун болушу;  4. Материалдык –техникалык базаны дайыма жаңыртуу;

Алсыз жактар:1. Инновациялык каражаттардын жетишсиздиги.   2. Кабинеттерде интерактивдүү досканын жоктугу. 3. Жылдан жылга мебелдердин иштен чыгуусу; 4. Лабораториялык иштерди жасоого каражаттардын жоктугу.

Сунуштар: 1. Ар кандай долбоорлорго катышуу менен материалдык техникалык  базасын чыңдоо; 2. Материалдык  базаны чыңдоо иштерин жүзөгө ашырууга демөөрчүлөр  менен иштөөнү уюштуруу; 3. Компьютердик – технологиялык жабдууларды, видео-проекторлор, МФУ-принтерлерди (түстүү) алууга жетишүү.

 

Кортунду: Кубанычбек Маликов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби окуу-тарбия процессин жүргүзүүдө  билим сапатын жакшыртуу жана камсызжоо, кадр саясатынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, материалдык-ресурстарды колдонуу саясатын жүргүзүүдөгү иштердин багыттарынын ачыкөайкындуулугун өзүн-өзү баалоо боюнча отчетунда карап чыгып, комиссия төмөнкү жыйынтыкка келди. Жүргүзүлгөн  өзүн – өзү баалоонун негизинде комиссия ыйгарым укуктуу органдарга программалык аккредитациядан өтүү үчүн документерди берүүнү сунуштайт.

Аккредитациядан өтүү үчүн түзүлгөн комиссиянын курамы:

Комиссиянын төрайымы:                      Н.Т.Чортонова

                                               Комиссия мүчөлөрү:                                 А.Ж.Жылкыбаева

                                                                                                                      А.Э.Карыбекова

                                                                                                                      Г.А.Сыдыгалиева

                                                                                                                      Э.Т. Молдокеева

                                                                                                                      С.И.Мамбеталиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Программалык аккредитациялоо үчүн баалоо критерийлери 

(негизги жана орто жалпы билим берүү программалары)

Критерийлер  Ылайык келүү

индикаторлору

 
Ылайык келбейт Жарым-жартылай ылайык келет Ылайык келет

 

1. БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ –МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ

Билим берүү программасынын мазмуну жана окуу –методикалык камсыздалышы мамлекеттик билим берүү стандартына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келиши керек.

1.1Окуу  планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү.  Окуу планы жана программа баардык талаптарына, базистик окуу планына  ылайык келет.
1.2Окуу – методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү.  Окуу – методикалык камсыздоо билим берүү стандартынын керектөөлөрүнө ылайык келет.
1.3Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу – методикалык адабияттардын фонду) болушу.  Ылайык келет.
1.4Билим берүү программасынын жана окуу – методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу.  Маалымат менен камсыздоонун механизмдери бекитилди жана ылайык келет.

 

 

 

 

 

2. КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУТУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН БААЛОО

Билим берүү уюму окуучуларды окутууда жана жетишкендиктерин баалоодо компетентүүлүк мамилесин ишке ашырат

Критерийлер  Ылайык келүү индикаторлору
Ылайык келбейт Жарым-жартылай ылайык келет Ылайык келет
2.1Окутуунун  пландаштырылган  максаттарынын болушу.  Окутуунун максаттары билим берүү уюмунун, методикалык бирикмелердин пландарында

 

    жана программаларында белгиленген.

Максаттар МБСке ылайык келет.

2.2Окутуу-тарбиялоо  процессинде инновациялык  технологияларды жана  методдорду колдонуу. Физика, химия  сабактарынан практикалык иштерин жасоодо приборлорунун жетишсиздиги .Окутуунун инновациялык технологияларын жана активдүү ыкмаларын  колдонуу боюнча мониторингдин далилдери бар.

Ылайык келет.

2.3Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу.  Ар бир окуу жылда окуучуларды жана атаэнелерден сурамжылоо, анкетта ж.б. түрүндө кайтарым байланыш алуунун процесси уюштурулат жана талданат .

Ылайык келет.

2.4Билим берүү стандартынын  талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун обьективдүү жана ачык – айкын системасынын болушу.  Окуучулардын жетишкендиктери (мисалы: жазуу иштерин, окуу көндүмдөрүн, долбоорлорду ж.б.) баалоо үчүн процедуралар жана куралдар, ченемдер жана баалоо критерийлери бекитилген жана колдонулат.

Ылайык келет.

2.5Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол – жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу.  Аппеляция процедурасы белгиленген.

Ылайык келет.

2.6Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу.  Окуучулардын жетишкендиктери үчүн коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо колдонулат жана ыкмалары көрсөтүлөт.
    Ылайык келет.
2.7Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы.  Акыркы 3 жылдын ичинде жүргүзүлгөн мониторингдин маалыматтары бар.

Ылайык келет.

2.8Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу.  Жол – жоболор иштелип чыкты жана ишке киргизилди .

Ылайык келет.

 

3. КАДРДЫК САЯСАТТЫН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУ

Билим берүү уюмунун өз ишин компетенттүү персонал менен камсыздоо үчүн натыйжалуу кадрдык саясаты болушу керек (билим берүү уюмдары лицензиялык талаптарды сактоого милдеттүү)

Критерийлер  Ылайык келүү индикаторлору  
Ылайык келбейт Жарым-жартылай ылайык келет Ылайык келет
3.1 Педагогикалык персоналдын

квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү.

 

  Ылайык келет.
3.2 Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол – жоболордун болушу.  Физикалык жана психологиялык коопсуз

чөйрөнү камсыздоочу механизмдер жана

процедуралар белгиленген. Ылайык келет.

 

3.3 Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу.  Педагогдордун үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү системасы колдонулат.

Ылайык келет.

 

4. МАТЕРИАЛДЫК  — ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

Билим берүү уюмунун жетиштүү, жеткиликтүү, коопсуз жана билим берүүнүн максаттарына ылайык келүүчү материалдык – техникалык базасы болушу керек (билим берүү уюмдары лицензиялык талаптарды сактоого милдеттүү)

Критерийлер  Ылайык келүү индикаторлору
Ылайык келбейт Жарым-жартылай ылайык келет Ылайык келет
4.1Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык             ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал) болушу.  Окуу имараттар жана бөлмөлөр жакшы абалда, камсыздоо, сандык, сыпаттык жана жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрү жакшырууда ылайык  келет.
4.2Билим берүү чөйрөсүнүн

коопсуздугунун талаптарын сактоо

(экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери).

  Коопсуздук талаптарына толугу менен ылайык келет.
4.3Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу.  Материалдык – техникалык база маалымат ресурстарын жакшыртуу боюнча талдоо, пландар бар.

Ылайык келет.

 

К

                                                                                4.ФИНАНСЫЛЫК РЕСУРСТАРДЫ БАШКАРУУ

 

4.1Финансылык пландоо системасынын болушуКРнын “Билим берүү законунун №92 30.04.2003-жылдагы 43-статьясынын негизинде мамлекеттик бюджеттен кызматкерлердин айлык акысына,

коммуналдык кызматтарга, утурумдук ремонт иштерине, командировкалык

чыгымдарга, салыкка, социалдык фондго жана башкаларга бөлүнөт. Пландоодо керектүү чыгымдар жазылат. Көпчүлүк учурда мамлекет тарабынан кыскартылат.Айрым учурда проект менен факты айырмалуу болот.

 
4.2Кошумча финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү жанаКошумча финансы жергиликтүү бийлик айыл өкмөттөн ж.б ресурс тартуу бөлүштүрүү боюнча материалдык-техникалык базасынын динамикалык өзгөрүүсү.

 

 

 

 отчеттуулук  боюнча ачык-айкын механизмдердин болушу. Аталышы2018 — жыл2019-жыл2020-жыл2021-жыл2022-жыл  
1.Ноутбук
2.Компьютер 512
3.Проектор  1
4.Видеокөзөмөл
5.Телевизор2
6. Принтер111
7.Ашканага стол
8.Ашканага стул
 

 

4.3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу.Финансово-Экономическая деятельность (бюджет) за ноябрь 2022-г.

 

Наименование расходы                                      Сумма

 
 Базовый оклад по дням122 966,24 
Классное руководство18 620,00
За кружковые работы6 638,72
Замена18 350,00
На дому4 742,00
Надбавка 15%8 024,37
Надбавка за вредность 25%

 

Надбавка за вслугу лет6 478,74
Надбавка за выслугу лет в высокогорье и отдаленность —
Надбавка за высокогорье  и отдаленность
Надбавка за сельскую местность34 290,00
Начисление по тарификации  за год6 269 397,60
  
Оплата больничных листов из фонда оплаты труда22 284,94
Оплата за работу в ночное время5 094,36
Оплата отпуска39 326,76
Оплата отпуска Н/О
Педстаж61 559,09
УЧ362 643,19
Всего начислено599 721,50

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Күчтүү жактар:

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Вид удержания с работника

ГНПФР9 833,17
ПФР58 678,17
Проф7 156,74
ПН62 571,51
Всего удержано 138 239,59

 

1.      Финансы маселелери жылдан жылга толукталып мугалимдердин айлык акыларынын  көтөрүлүшү персоналдар үчүн стимул

2.      Мамлекеттен, кошумча ресурстарды тартуу менен материалдыктехникалык базанын жаңыланышы билим сапатынын жогорулашына таасир берет.

3.      Маалымат ресурсу, интернеттин кеңири колдонулушу.

4.      Финансы ресурстарын талдоо, жакшыртуу боюнча иштердин алып барылышы.

5.      Балдардын коопсуздугу, билими, окуусу, үчүн шарттардын түзүлүшүнө финансы каражаттарын тартуу. Алардын ата-энелер менен бирдикте аткарылышы, ачык айкын так болушу. Билим берүүгө  кызыкдар тараптын нааразычылыктардын жок болушу.

6.      Профсоюздун алгылыктуу иштеши. Жылдан жылга окуу шарттарынын жакшыруусу . Ата-энелердин балдарды окутууда кызыкдар болушу.

 

 

 

Алсыз жактар: 1.Окуу талабынын жогору болушу. 
  2. Окуу куралдарынын орус класстарына жетишсиздиги. 
  3.Ички жана тышкы миграциянын күчөшү. 
  4.Тех. кызматкерлерге заманбап шаймандардын жетишсиздиги.