Чортонова Нурзат Темирбековна 1975-жылы 11-октябрда Чүй облусунун мурунку Кант азыркы Ысык-Ата районундагы Кант шаарында төрөлгөн. 1992-жылы орто мектепти аяктаган соң Түркия мамлекетинин Измир шаарындагы 9-сентябрь атындагы университетинин Педагогикалык Факультетинин Тарых мугалими бөлүмүнө тапшырган. 1997-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктап Тарых мугалими кесибине ээ болуп ушул эле окуу жайда магистратурада окуган.
Эмгек жолун 2002-жылы району Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев атындагы орто мектебинде англис тили мугалими болуп иштеп баштаган. 2007-жылы Сокулук районунун Сокулук айылындагы №3 орто мектебинде англис тили мугалими болуп эмгектенген. 2016-жылдан тартып Ысык- Ата районундагы Чоң-Далы айылында Кубанычбек Маликов атындагы орто мектебинде орус жана англис тили болуп эмгектене баштаган.
2022-жылы конкурстун жеңүүчүсү болуп директор кызматына дайындалган.
Үй-бүлөлүү, бир уулдун энеси.