СОШ имени К. Маликова Ысык Атинский район

Бейшеналиева Чинара Аалиевна

География мугалими

Бейшеналиева Чинара Аалиевна 1968-жылы 19-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич атындагы айылында төрөлгөн. 1986-жылы орто мектепти аяктаган соң Кыргыз Мамлекеттик университетинин география факультетине тапшырган. 1991-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктап география мугалими кесибине ээ болгон.

1991-жылы эмгек жолун мурунку Кант району азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Чоң-Далы айылындагы Кубанычбек Маликов атындагы орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп иштеп баштаган. 1993-жылдан баштап география мугалими болуп которулган. 2001-жылдан тартып окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген.

2004-жылы Кубанычбек Маликов атындагы орто мектебинде директордун милдетин аткарып, 2005-жылы директор болуп дайындалган.

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланып, 2011-жылы Элге билим берүү отличниги наамын алган.

Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын энеси.